Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Шашылыш эскертүү: үшүк жүрөт


11-14-апрелде аба ырайы кескин өзгөрүп, 11-апрелде жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Ал эми 12-14-апрелде өрөөндөрдө жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир жерлерде жаан көп жаайт.

13-15-апрелде абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -1…-6 градуска түшөт. Мындан улам үшүк жүрүшү күтүлөт. Күндүз абанын температурасы 1…6 градус жылууга чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат. Ошондой эле бүчүр байлап жана гүлдөп калган мөмөлүү бактарга өтө коркунучтуу.

11-12-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүү коркунучу да күтүлөт.

XS
SM
MD
LG