Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланат


Апрель айынын он бештеринде Кыргызстандык делегация Тажикстандын Хожент шаарына Көк-Таш – Ак-Сай жана Кулунду – Максат автожолдорунун курулушу тууралуу маселени тажиктер менен чогуу караганы барат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн “Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, аталган жолдор курулуучу аймактарды кыргыз тарап өзүнө таандык деп эсептейт, ал эми тажиктер тактала элек деп санайт. Эки тараптуу жолугушууда ушул талаштуу маселени чечүү аракети көрүлмөкчү. Андан кийин эки өлкөнүн премьер-министрлеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Абдырахман Маматалиевдин айтуусунда, кыргыз-тажик чек арасынын 506 чакырымы делимитацияланган. Жалпысынан чек ара дээрлик 971 чакырымды түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG