Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

БУУ дүйнөдө жол кырсыгы көбөйгөнүнө тынчсызданууда


Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзүндө адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кечээ БУУнун Башкы ассамблеясы бул боюнча атайын резолюция кабыл алды. Анда бир жылда дүйнөдө 1 миллион 300 миң киши жол кырсыгынан мерт болуп жатканы айтылат. Булардын дээрлик жарымы жөө жүргүнчүлөр, велосипед жана мотоцикл айдагандар. БУУ жол кырсыгына себепкер болгондорду жазалоо чаралары дүйнө калкынын 7 гана пайызына карата каралганын белгилеп, бул багытта мыйзамдарды күчөтүү керектигин айтууда.

Кыргызстанда былтыр миңге жакын киши жол кырсыгынан каза тапкан.

Ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси дүйнөдө жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет. (RK)

XS
SM
MD
LG