Харьковдо орусиячыл 62 активист эки айга тергөө абагына, дагы үч активист үй камагына отургузулду. Шаардын Киров райондук соту аларды массалык башаламандык уюштурду деп айыптады жана эгер 180 миң гривна (14 500 доллар) күрөө төлөшсө абак жайдан бошотулат деп билдирди. Бирок соттун чечимине ылайык, "Чыгыш Украина блогу" кыймылынын лидерлери Егор Логвинов жана Сергей Юдаев тергөө бүткөнчө абакта кармалат.
6-апрелде Харьков обладминистрациясын басып алган жикчилер Украинаны федералдык башкарууга өткөрүү боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышкан. 65 активист 8-апрелде облбийликтин имараты бошотулгандан бир күндөн соң камакка алынган. Алар полицияга моюн бербей, муш көтөргөн.