Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бул тууралуу бүгүн ишкерликти өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди. Анын айтуусунда, митингге байланыштуу бир катар соода жайлары иштеген жок, бул өз кезегинде кеминде 100 миллион сом экономикалык зыян алып келди.
Өкмөт башчы Кыргызстандагы ишканалардын 96% өлкөдөгү туруксуздукту негизги көйгөй катары белгилешкенин, инвестклимат мурункуга салыштырмалуу жакшырбаганын айтты. Ошондой эле Оторбаев ишканалардын 53% текшерүү жана салык органдары менен пара берүү аркылуу гана кызматташууга мүмкүн экенин билдиришкенин айтып, муну менен Кыргызстан жалпы дүйнөгө күлкү болгонун белгиледи.
10-апрелде Бишкекте жана бир катар облус борборлорунда оппозициянын митинги өткөн. Ыктымал талап-тоноочулуктан чочулаган бир катар ишкерлер бул күнү соода түйүндөрүн иштеткен эмес. Буга 2005-жылы март жана 2010-жылы апрель окуяларында Бишкектеги бир катар соода түйүндөрүн массалык талап-тоноо болгону негиз берүүдө. (ZKo)