Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Украина Орусия газдын наркын көтөргөнүнө ынана албайт


Украина Москванын газды жаңы баада төлөгөнгө макул болбойт жана көгүлтүр отунду Европадан сатып алам деген үмүттө. Мындай билдирүүнү Украинанын энергетика жана көмүр өнөр жай министри Юрий Продан бүгүн Жогорку Радада жасады жана эми Киев Стокгольмдогу арбитраждык сотко кайрылат деди.

Орусиянын "Газпром" компаниясы 1-апрелден тарта Украина 1 миң куб метр газга 480 доллардан төлөөгө тийиш деп эскерткен. Бул марттагыдан 40 процентке көп. 10-апрелде президент Путин эгер Украина 2,2. млрд доллар карызын төлөбөсө, Европага газ жөнөтүү үзгүлтүккө учурашы ыктымал деп эскерткен. Газ кууру Украина аркылуу өтөт.

Евробиримдиктин аткаруу комитети – Еврокомиссиянын өкүлү Сабине Бергер 11-апрелде Брюсселдеги маалымат жыйынында Орусия жана Украина өз ара келишимдерди бузбай аткарат деген ишенимин билдирди: "Ушу тапта Орусиядан Евробиримдикке газ бардык куурлар аркылуу кадыресе жана туруктуу келүүдө. Биз Орусия өз милдеттенмелерин сыйлайт жана Украина да Европага газ өткөрүү боюнча өз милдеттенмелерин урматтайт деп ойлойбуз”.

XS
SM
MD
LG