Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

НАТО Азербайжанга ыраазы


НАТО жетекчилиги альянстын Азербайжан менен болгон байланышына жогорку баасын берди. Түндүк Атлантика уюмунун башкы катчысынын орун басары Сорин Дукару 11-апрелде Бакуда кабарчылар менен кездешүүдө НАТО-Азербайжан мамилеси “стратегиялык өнөктөштүк” деңгээлине жетти деди.

Ал ушул эле күнү Азербайжандын НАТОнун “Тынчтык үчүн кызматташуу программасына” катышканынын 20 жылдыгына арналган конференцияда сүйлөп, Азербайжанды альянстын узактан бери кызматташып келаткан өнөктөштөрүнүн бири деп атады; уюмдун Ооганстанда тынчтык орнотуу аракетине, терроризмге каршы күрөшкө катышып жатканына жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого кошкон салымына ыраазылык билдирди.

XS
SM
MD
LG