Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Бүгүн – Космонавтика күнү


Юрий Гагарин, 12-апрель 1961-ж.
Юрий Гагарин, 12-апрель 1961-ж.
Туура 53 жыл мурда адамзат тарыхында Юрий Гагарин биринчи жолу космоско учкан. 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан советтик космонавттын космоско учушуна мурдагы Советтер Союзунун ар бир өлкөсү салым кошкон. Космос дүйнөсүн ачуудагы Кыргызстандын айрым эмгектерине токтолсок:

Медицина илимдеринин доктору, академик Арстанбек Алтымышев космонавттарга тамак-аш даярдоодо уникалдуу рецепттерди ойлоп тапкан. Космосто ичилген алгачкы ичимдик "Арашан" бальзамынын автору дагы кыргыздын атактуу окумуштуусу.

Советтик алгачкы космонавттар отрядына Гагарин менен бирге эки жалалабаддык улан Марс Рафиков жана Валентин Варламов кирген. Ал эми советтик космонавттар Чүйдө атайын даярдыктан өтсө, космостон кайткан соң Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдашкан.

Космосто жаңырган кыргыз тилиндеги алгачкы ырдын автору, белгилүү ырчы Гүлнара Тойгонбаева угармандарыбызды Космонавтика күнү менен куттуктап, учу- кыйырсыз ааламды өздөштүрүүгө кыргыз окумуштууларынын салымын дагы сыймыктануу менен эстен чыгарбоону айтат. (BAz)

XS
SM
MD
LG