Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Ошто мыйзамсыз курулуштар бузулууда


Ош шаарында жол боюна курулган соода дүкөндөрү алынууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Учурда Ленин, Ташкент жана Некрасов көчөлөрүнүн боюндагы мыйзамсыз делген курулуштар алынууда. Мындай аракеттер Ош шаардык архитектура, шаар куруу башкармалыгы менен «Сулайман-Тоо», «Ак-Буура» муниципалдык мекемесинин шаардын архитектурасына туура келбейт деген курулуштарга карата дооматтарынын негизинде ишке ашууда.

Адистердин айтымында, мыйзамсыз курулуш ээлерине үч ирет берилген эскертүүдөн кийин гана курулуштар мажбурлап алына баштайт. (SA/YI)

XS
SM
MD
LG