Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Никарагуада дагы жер титиреди


Никарагуада кечээ кайрадан жер титиреди. АКШнын геологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, күчү 6 баллдан ашкан силкинүүнүн очогу баш калаа Манагуадан 138 чакырым алыс жайгашкан. Анын эпкини кошуна Сальвадор жана Коста-Рикада сезилди. Никарагуа өкмөтүнүн өкүлү Розарио Мурильо Манагуадагы борбордук чиркөө жана бир катар үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланганын билдирди. 10-апрелде да Никарагуада 6 баллдык зилзала катталган.

Анда бир аял набыт болуп, 33 киши жараланган. Өкмөт болжол менен 1 миң 200 үй жабыркаганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG