АКШ Крымдагы бир катар жикчил лидерлер менен “Черноморнефтьгаз” ишканасына каршы санкцияларды киргизди. Финансы министрлиги 11-апрелдеги билдирүүсүндө белгилегендей, “кара тизмеге” камтылган 6 сепаратист менен украиналык мурдагы расмий адамдын жана компаниянын АКШнын юрисдикциясындагы бардык эсептери жабылат. АКШ жарандарына ал адамдар менен финансылык операция жүргүзүүгө тыюу салынат.
Украинадагы кризистен улам Вашингтон буга чейин 2 жолу санкция киргизген.
Ал тапта АКШ, Орусия, Украина жана Евробиримдиктин жолугушуусуна Мамлекеттик катчы Жон Керри катышары белгилүү болду. Сүйлөшүүлөр 17-апрелде Женевада өтмөкчү.