Каракол шаарынын четиндеги Пристань-Пржевальск айылында орустун саякатчы-натуралисти Николай Пржевальскийдин 175 жылдыгы анын мемориалдык музейинде белгиленди. Иш-чарага Пржевальскийдин урпактары, жергиликтүү жетекчилер, коомдук ишмерлер жана Орусия элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага келген саякатчынын урпагы, Орусия мамлекеттик агрардык университетинин профессору кенже - Николай Пржевальский жергиликтүү музейге саякатчыга тиешелүү өлчөгүч аршин менен чөнтөк градусник тартуу кылды.
Пржевальский Борбор Азия аймагында көптөгөн ачылыштарды жасаган саякатчы, географ, натуралист болгон. Илимпоз каза болоор алдында жакындарынан сөөгүн Ысык-Көл жээгине коюусун аманат кылган. (SA/MK)