Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Словянск: орусиячылар өкмөттүк имаратты ээлеп алышты


Словянск (Славянск) шаары. 12.4.2014.
Словянск (Славянск) шаары. 12.4.2014.
Украинанын Словянск (Славянск) шаарында жикчил митингчилер жергиликтүү акимияттын жана Улуттук коопсуздук кызматынын имаратын ээлеп алышты. Ишембиде эртең менен алар милиция бөлүмүн да өз көзөмөлүнө алышкан. Мэр Неля Штепанын айтымында, мэрияда миңдей киши жүрөт жана имаратка Орусиянын желеги илинди.
Словянскта орусиячылар акимиятты ээлеп алышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00


Полициянын маалымдашынча, шаардагы ички иштер бөлүмүнө кирип баргандар 400 даана тапанча жана 20 даана автоматты тартып алышты.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Фейсбуктагы баракчасына жазганына жана видео тасмага караганда, ал адамдар эн белгиси жок десанттык аскердик кийимчен жүрүшөт.

Министрдин айтымында, бийлик мыйзамсыз иш-аракетке каршы “олуттуу чара көрөт, себеби демонстранттар менен террорчулардын ортосунда айырма бар”.

Словянск Украинанын чыгышындагы Донецк шаарынан 100 километрдей алыстыкта орун алган. Шаар калкынын саны 130 миң кишиге чамалайт.

XS
SM
MD
LG