Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Токтогулдагы шайлоо жаңы ыкма менен өтүүдө


Бүгүн Токтогул шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өтүүдө. Шаардагы 5 участканын биринде шайлоо Түштүк Кореянын “Миру систем” компаниясынын компьютерлештирилген жаңы системалуу добуш берүү ыкмасы менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов билдирди.

Токтогул шаары алгачкы жолуу сынактык аймак катары тандалып алынган. 2017-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында шайлоо системасын жакшыртуу жагы каралып, Улуттук кеңеш кореялык “Миру систем” компаниясын тандап алган.

Токтогул шаардык кеңешине 21 мандат үчүн 11 партия ат салышуда. Шаарда 8 миңден ашуун шайлоочу катталган. (RsK/SA)

XS
SM
MD
LG