Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Чилинин ири портунда өрт чыкты


Чилинин Валпарисо портундагы өрттөн бери дегенде 5 киши каза тапты, жүздөгөн турак жай кыйрады. Миңдеген жергиликтүү жашоочу башка жерлерге көчүрүлдү. Өрт 12-апрелде тутанып, бир нече сааттын ичинде бир канча кварталды каптаган. Жергиликтүү бийлик анын себебин иликтөөдө.

Президент Мишел Бачеле шаардын бир бөлүгүн “кырсык аймагы” деп жарыялады жана армияга тартипти сактоо буйругун берди. 270 миң калктуу Валпарисо – Чилинин эң ири портторунун бири. Шаардын борбору ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG