Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Словянскидеги атайын операцияда жоготуулар болду


Украина -- Словянскидеги митинг. 12-апрель, 2014.
Украина -- Словянскидеги митинг. 12-апрель, 2014.
Украинанын ички иштер министри Словянск шаарындагы “антитеррордук операция” учурунда “эки тарапта тең өлгөндөр жана жарадар болгондор бар” деп маалымдады. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Фэйсбуктагы баракчасына жазганына караганда, орусиячыл активисттер менен ок атышууда коопсуздук кызматынын бир аскери набыт кетти, бешөө жаракат алды.
Аваков активисттер тарабындагы жоготуулардын “саны белгисиз” деп маалымдады.
Анын айтымында, миңдей киши жикчилдерди колдоп жатат.

Кечээ Словянск жана чыгыш облустарындагы бир катар башка шаарларда куралчан орусиячыл топтор милиция бөлүмдөрүнө кол салышкан. Украина өкмөтү Орусияны “агрессия” үячүн айыптоодо. Орусия болсо Киевге орусиячыл активисттерге каршы күч колдонбоону эскертти.

XS
SM
MD
LG