Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Ооганстандагы шайлоо: Абдулла алдыда баратат


Ооганстандагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла мурдагы финансы министри Ашраф Ганиден озуп чыкты. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы 34 чөлкөмдүн 26сынан түшкөн бюллетендердин 10 проценти саналып бүткөндөн кийинки маалыматтарга таянып, Абдулла 41,9 процент добуш менен алдыда баратканын билдирди. Гани – 37,6, Залмай Расул 9,8 процент добуш алышты.

"Талибандын" коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабай, 5-апрелдеги шайлоодо добуш берүү укугуна ээ 12 миллиондой кишинин 7 миллионунан ашууну добуш беришкен. Комиссия бюллетендерди саноо бир нече жумага созулаарын айтууда.

8 талапкердин бири да 50 проценттен көп добуш ала албаса, май айында экинчи айлампа өтөт. Анын жеңүүчүсү өлкөнү 2001-жылдан бери башкарып келаткан Хамид Карзайдын ордун басмакчы.

XS
SM
MD
LG