Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

НАТО баш катчысы Украинадагы окуяларга кабатыр


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Украинын чыгышындагы кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу камтамасын билдирди.
Бүгүнкү билдирүүсүндө баш катчы “суверендүү Украинаны дестабилдештирүүнү көздөгөн орусиячыл жикчилердин зомбулук кампаниясын” айыптады.

Азыркы окуяларды бир нече күн мурун Орусия тарабынан аннексияланган Крым менен салыштырган Расмуссен "орусиялык курал-жарак менен куралданган жана жарым аралда кийип жүргөн униформачан адамдардын пайда болушу окуялардын олуттуулугун көргөзөт", - деп белгиледи.

Баш катчы Орусиянын "куралдуу кийлигишүүсү өлкөнүн мындан аркы изоляциясына алып келет" деп эскертти.

XS
SM
MD
LG