Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Пауэр: Чыгыш Украинадагы окуялардын артында Москва турат


АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Украинадагы окуялардын артында “Москванын кулагы оркоюп көрүнүп турат” деди. Кечээ Словянск жана чыгыш облустарындагы бир катар башка шаарларда куралчан орусиячыл топтор милиция бөлүмдөрүнө кол салышкан.

Укриана өкмөтү Орусияны “агрессия” үчүн айыптап, “антитеррордук операция” баштаган. ABC телеканалына курган маегинде элчи ал окуялар “профессионалдуу, координацияланып” даярдалганын белгиледи. Ал ошондой эле андай аракеттер улана берсе, Вашингтон дагы санкцияларды киргизүүгө камданаарын айтты.

XS
SM
MD
LG