Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскердик сотунда 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди. Сот тараптардын жарыш сөзү менен башталмакчы.
Буга чейин прокурорлор соттолуучуларга коюлуп жаткан айыптардын деңгээлине жараша 10 жылдан 25 жылга чейин жаза мөөнөтүн сунушташкан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу жагы айтылган.
Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү сунушталган.
2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча 28 кишиге айып тагылган. Апрель окуясы боюнча сот иши ошол жылдын 17-ноябрынан бери уланат. (SE)