Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн Токмок шаарындагы 52806-аскер бөлүгүнө барып, Түштүк Кореянын жарандарын тоноого шектелип жаткан жоокерлердин иши менен таанышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Батырбеков билдирди. Депутаттар тергөө ишинин жүрүшүнөн сырткары аскерлердин моралдык-психологиялык абалы менен таанышмакчы.
19-марттын түнүндө Бишкектеги “Люкс” караоке-клубуна бети-башын чүмбөттөп алган куралчан топ кирип, ал жакта эс алып отурган Түштүк Кореянын жарандарын тоноп кеткен. Кылмышка шектүү деп 5 адам кармалган. Алардын үчөө аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнү аныкталган болчу.
Коргоо министрлиги кылмышка шектүү деп кармалган үч жоокерге байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.
Алмазбек Батырбековдун айтымында, шектүү катары кармалгандар атайын багыттагы “Скорпион” отрядынын жоокерлери болгон. Парламентарийлер аларды кылмыш жасоого түрткөн себептерди жеринде угуп келмекчи. (SE)