Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

“Мейкин Азия” фестивалы июлда болот


Экинчи эл аралык “Мейкин Азия” музыкалык фестивалы 16-20-июль күндөрү Ысык-Көлдө болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өтө турган иш-чарага Борбор Азия, Европа, Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай жана Жапониядан ырчылар катышары күтүлүп жатат. Ал Түркиянын TRT-Avaz телеканалы аркылуу дүйнөнүн 25 мамлекетине түз көрсөтүлөт.

Дүйнөлүк маданиятка аралашууга жана туризм чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган фестивалга кыргызстандык ырчылар июнь айында Бишкектеги улуттук филармонияда тандалат. Катышуучулардын жаш курагы 17ден 35ке чейин болушу керек.

“Мейкин Азия” фестивалы алгач 2013-жылы өткөн. Анда баш байгени казакстандык ырчы Димаш Кудайберген алган. (SE)

XS
SM
MD
LG