Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Украинанын өкмөтү жикчилерге берген мөөнөт аяктады


Украин өкмөтүнүн өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге курал жарагын тапшыруу жана өкмөттүк имараттардан чыгып кетүү боюнча берген мөөнөтү аяктады. Бирок, кабарчылардын маалымдашынча, Славянск жана Донецк шаарларындагы козголоңчулардын талапты аткарар түрү байкалбайт. Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов эгер жикчилер жергиликтүү убакыт боюнча 14-апрелде эртең мененки саат 9га талапты аткарышпаса, “чоң масштабдагы антитеррордук операция” башталат деп эскерткен. Орусия Киевди протестчилерге каршы курал колдонбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG