Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

БУУ Коопсуздук Кеңеши Украинадагы кырдаалды талкуулады


13-апрелдеги кезексиз жыйын Орусиянын демилгеси боюнча өткөрүлдү. Орусиянын элчиси Виталий Чуркин Украина президенти Александр Турчиновдун жетекчилигинин өлкө чыгышында армия катышкан “чоң масштабдагы антитеррордук операция” башталат деген сөзүнө тынчсыздануу билдирип, Чыгыш Украина элине каршы күч колдонууну токтотуп, диалогго барууга чакырды.

- Айрым адамдар, анын ичинде бул жерде отургандар Украинада болуп жаткан окуялардын чыныгы себептерин көргүсү келбей көшөрүп, Украинанын түштүк-чыгышындагы окуялардан Москванын колун издөөдө. Мунуңар жетишет. Бизди өлкө чек арасына армия топтоду, эки саатта Ла Манш кысыгына жетип барат, Украинадагы протесттерди координациялоо үчүн “үйүр-үйүр” агент пайдаланууда деген имиш-имиштерди таркатууну алар токтотсун, –деди Чуркин.

Бирок АКШнын элчиси Саманта Пауэр Украинадагы бейстабилдүүлүктү “адамдар жасоодо”, анын сценарийи Орусиядан жазылып, ошол жактан башкарылууда деди. Украинанын элчиси Юрий Сергеев саясый кризисти Орусия түзгөнүн айтып, Москвадан Украинанын бүтүндүгүн бузууга багытталган аракеттерин токтотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG