Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Экс-мэр Өмүркуловдун соту башталды


Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловдун үстүнөн сот иши башталды. Бул тууралуу иш каралып жаткан Бишкектин Октябрь райондук сотунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алгачкы соттук жараян 10-апрелде өттү. Анда мамлекеттик айыптоочу Өмүркулов менен бирге соттолуп жаткан мэриянын 4 кызматкерине айыбын угузду. Кийинки жараян 18-апрелге белгиленди.

Башкы прокуратура былтыр декабрда Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иш козгогон. Ага ылайык, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага берип салган деп айыпталууда. Кылмыш иш козголгон соң Иса Өмүркулов өз арызы менен кызматтан кеткен. Бирок ал айыптоонун баарын негизсиз деп четке кагып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG