Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Жаза аткаруу кызматкерлерине кылмыш иш козголду


Башкы прокуратура Жаза аткаруу кызматында иштеген бир катар адамга карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2010-жылы Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери кеңсе буюмдарын сатып алууда мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчаны максатсыз колдонгон. Буга байланыштуу "Кылмыш кодексинин" “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу” беренелери боюнча иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG