Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Оппозиция өлкөнү өнүктүрүү планын жарыялады


"Улуттук оппозициялык кыймыл" өлкөнү өнүктүрүү боюнча кыска мөөнөттүү планын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкө бюджетиндеги каражатты эффективдүү пайдаланууга багытталган бул планды кыймылдын өкүлдөрү өзүлөрү иштеп чыккан. Өкмөт менен парламентти каржылоону 2 эсе, ал эми президенттик аппаратка бөлүнгөн каражатты 3 эсе кыскартуу каралган. Ошондой эле өлкөдөгү коррупцияны азайтуу үчүн соттордун, прокурорлордун айлыгын көбөйтүүнү, жергиликтүү бийликтерге кеңири укук берип, алардын жетекчилерин тикелей шайлоо аркылуу дайындоону сунушталууда. Буга чейин Улуттук оппозициялык кыймыл өлкөнү өнүктүрүүнүн альтернативалуу планын жарыяларын убада кылган болчу. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG