Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Нигерияда автобекетте катуу жардыруу болду


Нигериянын борбору Абужанын четиндеги автобекетте 14-апрелде таң эртең менен катуу жардыруу болду. Жардыруу ондогон адамдардын өмүрүн жалмады деп боолгонууда. Франс Пресс агенттигинин билдиришинче, адамдар жумушка бараткан учурда болгон апааттан 30 чакты автоунаа иштен чыккан. Алардын көпчүлүгү жүргүнчүлөрдү тартчу автобустар. Бомба чабуулун буга дейре Нигериянын түндүгүндө жана ортолугунда болгон кол салууларга жооптуу исламчыл согушчандардын "Боко харам" группасы уюштурду деп шектелүүдө. "Боко харам" уюму 2011-жылы Абужадагы БУУнун кеңсесинин алдында болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Бомба чабуулунда 20дан ашык адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG