Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Исфанада кен иштетүү боюнча аукцион өттү


Бүгүн Баткендин Исфана шаарында Сүлүктүдөгү Түндүк-Батыш жана Түндүк көмүр кендерин иштетүү боюнча аукцион болуп өттү. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аукциондун жыйынтыгында Түндүк-Батыш кенин иштетүү боюнча лицензияны “ATS-Group” ишканасы 55 миң долларга сатып алды. Бул кен үчүн аукциондун баштапка баасы 1200 доллар деп аныкталган болчу. Ал эми Түндүк кенин иштетүү укугун болсо жергиликтүү “Тагайбек» ишканасы 45 миң долларга сатып алды. Анын баштапкы баасы 100 доллар деп бааланган болчу.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик жакындан тарта кен байлыктарды иштетүүгө лицензияларды аукцион аркылуу сата баштады. Буга чейин Нарын, Жалал-Абад, Ошто аукциондор өткөрүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG