Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Нигерияда 70тен ашык адамдын каны төгүлдү


Нигериянын полициясы Абужанын четиндеги автобекетте бүгүн таң эртең болгон жардырууда бери дегенде 71 адам өлүп, 124 киши жарадар болгонун билдирди. Адамдар жумушка бараткан учурда болгон апааттан 30 чакты автоунаа иштен чыккан. Алардын көпчүлүгү жүргүнчүлөрдү тартчу автобустар.

Бомба чабуулун буга дейре Нигериянын түндүгүндө жана ортолугунда болгон кол салууларга жооптуу исламчыл согушчандардын "Боко Харам" уюму уюштурду деп шектелүүдө. "Боко Харам" уюму 2011-жылы Абужадагы БУУнун кеңсесинин алдында болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Бомба чабуулунда 20дан ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG