Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

БУУ: Сирия түндүгүндө кыйноолор көбөйдү


Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай Сирияда кыйноолор токтобой жатканын билдирди. Анын айтымында, өкмөт күчтөрү тарабынан да, козголоңчулар тарабынан да кыйноо фактылары арбын колдонулууда.

Пилайдын 14-апрель күнкү докладында Сириядагы кыйноо курмандыктары жана күбөлөр жөнүндө кеңири маалымат фактылар менен келтирилген. Докладда белгиленгендей, айрыкча өлкө түндүгүндөгү Ал-Ракка аймагында оппозиция өкүлдөрү тарабынан кыйноого кабылгандардын саны көбөйгөн.

Сириядагы жарандык согуш үч жылдан бери уланат. Бул аралыкта 150 миңден ашуун кишинин жаны кыйылды.

XS
SM
MD
LG