Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:57

Парламентте абактагы кыйноолор талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети абактардагы кыйноолорду талкуулайт. Жыйын кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун адистери 2013-жылга карата чыгарган отчетунун негизинде өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы институту быйыл январь айында тараткан маалыматка ылайык, соңку кездери Башкы прокуратура тарабынан кыйноо фактысы боюнча күч кызматкерлерине козгогон кылмыш иштеринин саны 1,5 эсеге көбөйгөн.

2013-жылы кыйноого байланыштуу 11 кылмыш иши милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун эки аймактык инспекторун Ноокен райондук соту кыйноо беренеси боюнча жакында эле 11 жылга эркинен ажыратты.

БУУнун Кыйноолорго каршы комитети кыргыз бийлиги зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамдарын жакшыртып жатканы менен, абал оң жакка өзгөрө электигин белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG