Ушу тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда 2015-жылы парламенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүүгө даярдык жана 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнун улуттук программасы талкууланып жатат. Жыйында сөз сүйлөп жатып президент Алмазбек Атамбаев шайлоону таза өткөрүүнүн маанисин белгиледи. Президент 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын башкы себептеринин бири шайлоолордун ыплас өткөнү болгонун эске салды.
Буга чейин шайлоо мыйзамдарын жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлгөн болчу. (BkA)
Буга чейин шайлоо мыйзамдарын жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлгөн болчу. (BkA)