Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Дыйкандарга 2 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл өкмөт 5 миллиард сом акча бөлүп, аны 10 пайыз үстөк менен дыйкан, фермерлерге берип жатат. Насыяны кайтаруу мөөнөтү 2 жыл. Ал эми кайра иштетүүчү ишканаларга акча 9 пайыздык үстөк менен берилүүдө.

Каражат “Айыл банк”, KICB, "РСК банк", "Бакай банк" жана "Оптима банк” аркылуу элге таратылып жатат. Учурда дыйкандарга 2 миллиард 200 миллион сомдук насыя берилди.

Былтыр өкмөт 3 миллиард 200 миллион сомду жеңилдетилген насыя катары берген эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG