Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Энергетика министрлиги жаңы тарифтик саясат иштеп чыгууда


Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган энергетика жана өнөр жай министринин кыска мөөнөттүү планында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жаңы тарифтик саясат бул жааттагы чыгымдарды азайтууга багытталган. Аны министрлик ушул жылдын 1-июлуна чейин иштеп чыгып, өкмөттүн кароосуна коймокчу.

Буга чейин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров Кыргызстанда электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча документ иштелип жатканын, ал май айына чейин коомчулуктун талкуусуна чыгарыларын маалымдаган болчу.

Кыргызстанда электр энергиясына тариф төмөн экени көптөн бери айтылып келет. Америкалык ЮСАИД уюмунун жардамы менен Кыргызстандын электр энергиясынын өздүк наркы эсептелип чыккан. Жыйынтыгында тариф 1 сомдон бир аз ашкан күндө да тармак оор абалдан чыга албасы белгиленген. Электр энергиясы азыр калкка 70 тыйындан сатылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG