Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Даватчылар калпак кийип чыгууга милдеттендирилет


Кыргызстанда даватчылар үчүн бирдиктүү дават формасы иштелип чыкты. Ал кийимдердин үлгүсү жакынкы күндөрдө аймактарга таратылат. Бул тууралуу Кыргызстан муфтийинин орун басары Равшан Эратов Оштогу диний коопсуздук боюнча жыйында билдирди.

Даватчылар үчүн бирдиктүү форма иштеп чыгууга алардын кийимине карата коомчулуктагы терс пикир себеп болгон. Эратовдун айтымында, даватчылардын кийиминде улуттук табит менен диний талаптар айкалыштырылган. Ал кадимки эле асты кара, үстү ак түстүү болуп, баш кийим катары калпак кабыл алынган.

Дин өкүлүнүн айтымында, учурда белгисиз демөөрчү тарабынан даватчылар үчүн 1200 даана форма тигилген. Ал облустарга 100 даанадан үлгү катары таратылат. Мындан ары даватка чыкчулар ал кийимди өз акчасына сатып алышы шарт болот. (YI)
XS
SM
MD
LG