Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

УКМК: Кыргызстанда "интернет имамдар" пайда болду


Жаштарды радикал агымдарга азгырууну акыркы убакта пайда болгон "интернет имамдар" аткарууда. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысынын орун басары Нурлаким Арзиев Оштогу диний коопсуздук боюнча жыйында билдирди. Анын пикиринде жаштардын радикалдык агымдарга ооп жатышына Интернет аркылуу дават кылгандар да себеп болууда. УКМКнын акыркы маалыматы боюнча Ош шаарынын аймагында ар кандай экстремисттик уюмдардын ишин жүргүзгөн 500дөн ашык жаран бар. Сириядагы аскердик аракеттерге жүздөн ашык кыргызстандык катышып жүргөнү тууралуу маалымат бар. Ушул жылдын башында УКМКнын Оштогу башкармалыгы тарабынан диний экстремисттик уюмдун 20 мүчөсү кармалган.(YI)

XS
SM
MD
LG