Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Кабылда министрдин орун басары уурдалды


15-апрелде Ооганстандын коомдук иштер министринин найыбы (орун басары) Ахмад Шах Вахид жумушка баратканда белгисиз куралчандар анын машинесине кол салып, айдоочусу ок жаңылып жарадар болду. Кабыл полициясынын тергөө департаментинин башчысы Гүл Ага Хашеминин айтымында, кол салгандар Вахидди машинесинен чыгарып, өз автоунаасына салып кеткен. Вахидди кимдер уурдаганы беймаалым.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахиддин билдиришинче, Вахидди уурдоого алардын тиешеси жок. Ооган талиптеринин жарандарды барымтага алып же уурдап, акча төлөтүп бошотуусу кадыресе көрүнүш. Бирок даражалуу өкмөттүк чиновникти уурдоо акыркы жылдары болгон эмес.

XS
SM
MD
LG