Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Жетим балдарга акысыз жер берүү боюнча талкуу өттү


Бүгүн Жогорку Кеңеште балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланган балдарды камкордукка алуу жөнүндөгү мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, мамлекеттик органдар ата-энесинен айрылып, балдар үйлөрүндө тарбияланган балдарга өзү жашаган аймактан кезексиз жер тилкесин бөлүп берүүгө милдеттүү болот. Депутаттар бул демилгени колдоого алып, аны ишке ашырууда жергиликтүү бийликтердин жоопкерчилигин жогорулатууну сунуштады.

Ошондой эле парламенттик угуу катышуучулары ишкерлерге кайрымдуулук иретинде ата-энесиз балдарга көңүл бурууга чакырып, кайрылуу жолдошту. (BkA)

XS
SM
MD
LG