Иран Улуттар Уюмунун байланыштар комитетинин атайын жыйынын өткөрүүнү суранды. Өтүнүч Тегеран БУУга дайындаган жаңы элчиге АКШ виза бербей койгондон кийин жасалды. 11-апрелде Вашингтон Хамид Абдулла студент кезде 1979-1981-жылдардагы АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алууга катышканын негиз кылып, ага виза берилбесин билдирген. Алар элчиликти басып алып, 52 америкалкты 444 күн барымтада кармашкан.
Абдулланын айтымында, ал барымта кризисинде тилмечтик гана кылган. Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү 14-апрелде ИРНА агенттигине билдиришинче, Хамид Абдуллага виза алуу боюнча ырасмий механизмдер ишке киргизилген. Эми окуянын өнүгүшүн күтүү керек.