Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Ирак армиясы жарандарды Фаллужадан чыгып кетүүгө чакырды


Алдыдагы күндөрү авиасоккулар күчөтүлөрүнө байланыштуу жашоочуларды Фаллужаны үч күн ичинде калтырып кетүүгө чакырган баракчалар учактардан ташталды. Ирак армиясы ортолуктагы Анбар провинциясындагы Фаллужаны бир нече айдан бери козголоңчулардан бошото албай жатат.

Коңшу Рамади шаары да азыр согушчандардын кол астында. Ирак өкмөтүнүн маалымдашынча, согушчандар Эфрат дарыясындагы эң чоң Фаллужа суу сактагычынын дарбазаларын бекитип, аймакка суу бербей койгон. АКШнын Багдаддагы элчилиги 14-апрелдеги билдирүүсүндө "Ирак жана Левант ислам мамлекети" жихадчы группасы “жасап жаткан террорчулуктарды”, ошондой эле Эфрат дарыясындагы дамбаны бууганын сындады.

- Дамбаны жана башка маанилүү инфраструктуралык объекттерди бутага алуудан карапайым ирактыктар жабыр тартат. "Ирак жана Левант Ислам мамлекети" группасынын аракетинен улам акыркы аптада жүз миңдеген бейкүнөө ирактыктар суусуз калды, - деп айтылат АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG