Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

УОК Оштун газсыз калышына өкмөттү айыптады


"Улуттук оппозициялык кыймыл" Өзбекстандан түштүк аймакка газдын токтотулушу боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу кыймыл тараткан билдирүүдө айтылат. Анда кыймыл мүчөлөрү газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашына кыргыз өкмөтүн айыптап, “Кыргызгазды” орусиялык “Газпромго” сатууда мындай жагдайды эске албагынан сындаган.

“Өкмөттүн шаалакы жана жоопкерсиз иш-аракетинен улам жүз миӊдеген карапайым кыргызстандык запкы чегүүдө. "Улуттук оппозициялык кыймыл" Кыргызстандын байлыгын чет өлкөгө саткан президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөттүн иш-аракетин кескин түрдө айыптайт жана экономика тармагын тейлеген биринчи-вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин отставкасын талап кылат” деп айтылат билдирүүдө.

Дүйшөмбүдөн тарта Ош шаарына Өзбекстандан газ келбей калган. Буга газ менен камсыз кылуу боюнча келишим мөөнөтү аяктаганы себеп болгон. Бүгүн “Кыргызгаз” ишканасы Өзбекстандын “Узтрансгазы” менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG