Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Бостон марафонундагы бомба чабуулунун курмандыктары эскерилет


АКШнын Бостон шаарында 2013-жылкы 15-апрелдеги марафон учурундагы бомба чабуулунун бир жылдыгы эскерилет. Марафондун марасына чукул жерде бомба жарылганда үч адам өлүп, 260тан ашуун адам жарадар болгон. Бостондогу эскерүүгө вице-президент Жо Байден, губернатор Дивал Патрик, Бостондун мурдагы мэри Том Менино катышат. Коогалаңдуу окуяны президент Обама Ак Үйдө бир саам үнсүз туруп эскерет. Бомба чабуулуна тиешеси бар деп шектелген теги Чеченстандык Жохар Царнаевдин соту ноябрда болот. Анын шериги деп шектелген агасы Тамерлан полиция менен атышууда ок жаңылып өлгөн.

XS
SM
MD
LG