Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Медакадемиянын 75 жылдыгы белгиленет

16-апрелде Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын 75 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маараке расмий бөлүгү Бишкектеги Улуттук филармонияда өтөт. Муну менен катар академияда 18-апрелге чейин ар кыл илимий конференция, талкуу, тегерек үстөл жыйындары уюштурулмакчы.

КММА 1939-жылы медициналык орто окуу жай болуп түзүлгөн. Ал кийин институт, андан соң академия болуп кайра уюшулган. 1998-жылы окуу жайга чыгаан дарыгер Иса Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган. (BkA)
​
XS
SM
MD
LG