Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Парламент комитети Асанкожоеванын арызын канааттандырды


Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоеванын кызматтан кетүү тууралуу арызын карап канааттандырды. Өз арызында Асанкожоева үй-бүлөлүк шартынан улам кызматтан кетип жатканын билдирген. Анын айтымында, башка кызматка өтүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Ал өз отставкасын сомдун кунунун түшүшүнө байланыштуу деген маалыматты четке какты.

2011-жылдан бери Улуттук банкты жетектеп келаткан Зина Асанкожоеванын дарегине сын февраль, март айларында сомдун девальвациясынан кийин күч алган. Улуттук банк өз убагында тийиштүү чечим кабыл албай, кырдаал кризистик деңгээлге жетип кетти деп айыпталган.

Улуттук банк боюнча Кыргызстандын мыйзамына ылайык, жетекчи жети жылга президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Ал эми кызматтан бошотуу үчүн өз арызы же соттун айыптоочу чечими болууга тийиш. (BkA)

XS
SM
MD
LG