Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

HRW Астананы "Чукул кырдаал жөнүндө" мыйзамды өзгөртүүгө чакырды


Human Rights Watch уюму Казакстандын өкмөтүн чукул кырдаал учурундагы сөз эркиндигин жана жыйындарды өткөрүүнү “муунткан” жарлыкты жокко чыгарууга чакырды. Адам укугун коргоочу уюмдун 15-апрелдеги кайрылуусу Астананы чукул кырдаалдар тууралуу мыйзамды да түзөтүүгө үндөйт.

12-апрелде күчүнө кирген мыйзам бийликтин өзгөчө жагдайда мыйзамды бекем сактабоосуна мүмкүндүк берет, маалыматты чыгартпай, партиялардын жана коомдук уюмдардын ишин токтотуп коё алат.

HRW уюмунун Европа жана Азия боюнча директору Хью Уильямсондун айтымында, аталган жарлык “бийлик маалымат булактарын жана көз карандысыз коомдук топторду коркунучтуу деп тапса, оозун жапканга кандай даяр экенин көрсөтөт”.

XS
SM
MD
LG