Ал Бишкектеги жоопкерчилиги чектелген SvRich компаниясынын эсебинен курулууда. Курулушта азыр ташкөмүрлүк 50 адам эмгектенүүдө. Кубаттуулугу бир жылда 750-800 тонна мазутту иштетүүгө эсептелген ишкананын ачылышы июнь айында бүтүүсү мүмкүн. Иш башталганда анда 150-200 адам жумуштуу болот. Таш-Көмүрдүн мэри Бекболот Миңбаевдин ырастоосунда, завод үчүн керектүү мазут Кочкор-Атадагы "Кыргызмунайгаз" ишканасынан жана Өзбекстандан алынат. (YA)