Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Славянск шаарын орусиячылдардан бошотуу аракети жүрүүдө


Украинанын коопсуздук күчтөрү Славянск шаарын орусиячыл митингчилерден бошотуу аракеттерин жүргүзүп жатат. Бронетехникалар коштогон аскерий күчтөр калаага 15-апрелде барды. Андан мурдараак Крамоторск шаарында орусиячыл топторго каршы операция жүргүзүлүп, калаа аэропортун украиналык аскерлер ээлеген.

Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов дүйшөмбүдө өлкө чыгышындагы 10 шаарда жергиликтүү бийликти басып алгандарга каршы аракеттер башталарын, керек болсо күч колдонуларын жарыя кылган.

Крым референдумунан соң чыгыш Украинада айрым күчтөр Орусияга кошулуу талабы менен акцияларды баштаган.

XS
SM
MD
LG