Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Бишкекте өзбек дипломатына кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинин консулу Мехриддин Хайриддиновго карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал өткөн жылдын август айында мас абалында машине айдап баратып, Кадыров аттуу кыргыз жаранын коюп кеткени аныкталды. Иликтөө иштерин Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Милициянын маалыматына ылайык, дипломатка карата сегиз айдан кийин кылмыш ишинин козголушуна күбөлөрдүн берген көрсөтмөсү негиз болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG