Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү уланууда


Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр ушул жуманын соңуна чейин уланат.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаш аймактарды аныктоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтордун жолугушуулары 15-апрелде Тажикстандын Хожент шаарында башталган. Анда негизинен талаштарга себеп болуп жаткан Көк-Таш – Ак-Сай жана Кулунду – Максат жолдорунун курулушу каралууда.

Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Азаттыкка” билдиргендей, апта соңунда сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары маалымдалат.

Ушул жумада Маматалиевдин коңшу өлкөнүн күч структуралары боюнча вице-премьери Мурадоли Алимардон менен жолугушуусу да күтүлүүдө.

Тактала элек жерлер көп болгондуктан, кыргыз-тажик чек арасы жаңжал эң арбын катталган аймак болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG